16-мартта республиканын айрым жерлеринде жаан-чачын күтүлөт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Түштүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +11°C, түнкүсүн -5°C
Талас облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -5°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +13°C, түнкүсүн +3°C
Баткен облусу. Күндүз +12°C, түнкүсүн +2°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -6°C
Нарын облусу. Күндүз +6°C, түнкүсүн -11°C
Бишкек шаары. Күндүз +10°C, түнкүсүн -3°C
Эскертүү!
2014-жылдын 15-17-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Ошондой эле 15-марттан 19-мартка чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу сакталат. Арык системин тазалоону сунуштайбыз.