Жылнаама. 16-март: Мындан 12 жыл мурун Аксыда жергиликтүү калк менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда 3 күнгө созулган кагылышуу болгон

* 1964-жылдын 16-мартында обончу Исирадин Аманбаев Кара-Кулжа районунун Көңдүк айылында туулган. Ал 1980-1984-жылдары Ош мамлекеттик педагогикалык институтунун музыкалык-педагогикалык факультетинен, 1988-1995-жылдары Кыргыз улуттук консерваториясынын композитордук бөлүмүнөн билим алган.

1984-1988-жылдары орто мектептерде мугалим, 1995-1998-жылдары Кыргыз-Түрк лицейинде искусство бөлүмүнүн башчысы, 1998-2001-жылдары Билим, илим жана маданият министрлигинде жетектөөчү, башкы адис, 2000-жылдын 8-майынан 28-июнуна чейин Анкара шаарында "ТҮРКСОЙдун" чакыруусу менен такшалмадан өтүп, түрк тилин үйрөнүүнүн толук курсун аяктаган. 2001-2003-жылдары Ош облусунун Маданият департаментинин директору, 2003-2007-жылдары Ош облустук Маданият башкармалыгынын башчысы, 2007-2009-жылдары Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, 2008-жылдын 18-мартынан Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору, Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министринин түштүк аймагы боюнча кеңешчиси болуп иштеген.

Ал симфониялык жана камералык чыгармалардын, көптөгөн обондуу ырлардын автору. 1992-жылы Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты болуп, 2000-жылы “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган. 2006-жылы “Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги” төш белгиси берилген.

* Мындан 28 жыл мурун, 16-мартта ырчы Айпери Сыдыкова Ош шаарында туулган. "Кыз-Бурак" тобуна 2003-жылы келип, сахнага "Чын эле мени унуттуңбу?" деген ыры менен чыккан. 2007-жылы топтон кетип, сөзү, обону өзүнө таандык "Апакай ак куу" аталышындагы ыры менен кайра сахнага жеке ырчы катары кайтып келген.

* 1992-жылы 16-мартта "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер күлкү жаратуучусу" аталган "тамашоучу" Самат Эркинбек уулу Токмок шаарында туулган.

* Мындан 12 жыл мурун, тагыраагы, 2002-жылдын 16-мартында Аксыда жергиликтүү калк менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда 3 күнгө созулган кагылышуу болуп, 5 адам каза тапкан. Аксы кризиси Курманбек Бакиев башында турган өкмөттүн отставкага кетүүсүнө алып келген.

* 1963-жылдын 16-мартында Бали аралында жанар тоо атылып, 1700дөн ашуун адам өмүрү менен коштошкон.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан