17-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, тоолорго кар түшөт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактардын жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +4°C
Талас облусу. Күндүз +15°C, түнкүсүн +3°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +16°C, түнкүсүн +5°C
Баткен облусу. Күндүз +14°C, түнкүсүн +5°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +1°C
Нарын облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -8°C
Бишкек шаары. Күндүз +14°C, түнкүсүн +4°C
Эскертүү!
2014-жылдын 16-17-март күндөрү абанын температурасынын жогорулашына, жаап жана күтүлгөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек - Ош (121-137, 198-265-чакырымдары), Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу (45-90, 145-150-чакырымдары), Каракол - Эңилчек (45-90-чакырымдары), Ала-Бука - Каныш-Кыя (62-100-чакырымдары) унаа жолдорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болот. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.
Ошондой эле 16-марттан 19-мартка чейин Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күтүлүп жаткан жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу ойдуң жерлерди суу каптоо коркунучу сакталат.