Жылнаама. 17-март: Мындан 47 жыл мурун Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты, белгилүү спорт чебери Баяман Эркинбаев туулган

* 1958-жылы 17-мартта экс-акыйкатчы, 5-чакырылыштагы "Ар-намыс" фракциясынан ЖКнын депутаты Турсунбай Бакир уулу Кара-Суу шаарында туулган. Ал мектепти аяктаган соң Совет аскеринде кызмат өтөп, 1984-жылы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин, 1991-жылы Киев мамлекеттик университетинин философия факультетинин аспирантурасын бүтүргөн.

Турсунбай Бакир уулу КРнын туңгуч Акыйкатчысы (Омбудсмени), Кыргызстандын Малайзиядагы экс-элчиси, 1995, 2000, 2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкер болгон.

1999-жылы энеси менен Мекке жана Мединага зыярат жасап, ажы-акбар болуп кайтып келген.

1998-жылы Кыргыз Республикасынын алгачкы Конституциясына кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы жана президенттин жарлыгы менен Кыргыз Республикасынын Атайын жана Толук ыйгарымдуу элчиси деген жогорку дипломатиялык ранг ыйгарылган.

Кыргыз, орус, украин, өзбек, англис, түрк жана фарсы тилдеринде эркин сүйлөйт. 80ден ашык илимий жана илимий-публицистикалык эмгектердин автору.

 * Мындан 47 жыл мурун, 1967-жылы КРнын Жогорку Кеңешинин үч чакырылышынын депутаты, көрүнүктүү коомдук ишмер, "Алыш" эл аралык күрөш федерациясынын негиздөөчүсү, "Палван" кайрымдуулук фондунун президенти, белгилүү спорт чебери Баяман Эркинбаев Сузак районунун Кара-Дарыя айылында туулган.

Айылдык орто мектепте окуп жүргөн мезгилден тартып Фергана күрөшүнүн түрү боюнча Кыргызстандын жана Орто Азиянын 15 жолку чемпиону, СССРдин спорт чебери, Эл аралык деңгээлдеги машыктыруучу, Ибрагим Узаковдун (Тапанча балбан) колунда машыгып, Кыргызстандын, Фергана өрөөнүнүн чемпиондугун багындырган. Мектепти аяктагандан кийин Ташкент шаарындагы Токой-чарба институтуна тапшырып, аны 1991-жылы бүтүргөн. Спорттук карьерасын ошол жерде ийгиликтүү улантып, эл аралык мелдештерге катышып жүрүп Баяман-Палван деген атка да ээ болгон. Эмгек жолун 1991-жылы "Жаңы-Арык" тамеки ферменттөөчү заводунда тамекичи болуп иштөө менен баштаган. 1992-жылдан тартып Ош шаарындагы "Палван" кайрымдуулук фондусунун башкы директору, 1996-жылдан тартып Ош облустук "Күрөш" федерациясынын, кыргыз-германиялык "sв Юнион" биргелешкен ишканасынын президенти болуп эмгектенген. Ал КРнын Жогорку Кеңешинин 1995, 2000, 2005-жылдардагы чакырылышынын депутаты болуп шайланып, шайлоочуларынын ишенимин артыруу менен турмуш-тиричилик маселелеринин жакшыруусу үчүн чоң иштерди аткарган. Депутаттардын тобу менен эгемендүүлүктүн калыптануу мезгилинде көптөгөн маанилүү мыйзамдардын кабыл алынуусуна демилгечи болгон.

Баяман Эркинбаев көз жумардын алдында бир топ коркутууларга учураган. Алгач ага 2004-жылы 29-ноябрга караган түнү саат 11:00дө "Кыргызфильм" киностудиясынын жанында машинасына отурганда кол салуу болгон. Бирок анда ал иштин бети ачылбай, жана да адам өлтүргүчтүн ою ишке ашпай калган. 2005-жылы 21-сентябрь күнү саат 22:00дө Баяман Эркинбаевди Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүнүн жанынан белгисиз адамдар атып кетишкен. Баяман Эркинбаевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

* Мындан 97 жыл мурун, тагыраагы, 1917-жылы Киевде Орусия жана Украинанын коомдук, саясий ишмери Михаил Грушевскийдин төрагалыгы астында украиналык Борбордук Рада түзүлгөн.

* 1988-жылдын 17-мартында Ирактын күрддөр жашаган Халабджа шаарын Иран аскерлери басып алган соң Ирак бийлиги шаарды ууландырылган бомба менен бомбалаган. Андан 5 миңдей киши өлүп, 20 миңдей киши ар кандай жаракат алган.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
omurbek9393
2014-03-17 08:59:10
Баяман Эркинбаевтей адамды эми корбосок керек. Жаткан жери жайлуу болсун!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан