Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү талоончулукка жана алдамчылыкка шектелип кармалды

ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгы тарабынан Бишкектен бир катар талоончулукка жана алдмачылыкка шектелген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Кемин районунун 1980-жылкы тургуну, УКТнын биринин мүчөсү болуп саналган З.Сансызбаев кармалган. Ал 2012-жылы Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренесине ылайык кылмыш жоопкерчилигине тартылып, сот тарабынан 70 миң сом суммасындагы айып салынган. Ички иштер органдары З.Сансызбаев тарабынан жасалган башка да кылмыштарды аныктаган.

ИИМдин Башкы тергөө башкармалыгы ага карата козголгон алдамчылык жана талоончулук фактыларын иликтөөдө. Белгилүү болгондой, 2012-жылы Зулкарнайн аттуу белгисиз адам Чүй облусунда жашаган аялдын ишенимине кирип, анын дээрлик 18 миң АКШ доллары суммасындагы акчасын алдап алып койгон. Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш аталган УКТ мүчөсү тарабынан жасалгандыгы аныкталды. Мындан тышкары ошол эле жылы жогорудагы З.Сансызбаев курал менен коркутуп бир аялдын 20 миң орусиялык рублин тартып алган.

Кармалган УКТ мүчөсү камакка алынып, тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан