Бишкекте уюлдук телефон жана алтын буюмдарын уурдоого шектүү кармалды

Милиция бөлүмүнө Бишкектин 31 жаштагы тургуну А.Гулдан арыз менен кайрылган. Ал арызында үйүнө белгисиз бирөөлөр кирип, жалпы суммасы 700 АКШ долларын түзгөн Самсунг жана Нокиа С6 уюлдук телефондорун уурдап кетишкендиктерин кабарлаган. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип Бишкектин 24 жаштагы тургуну К.Нурбек кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган адам мындан мурда да Бишкектин 50 жаштагы Н.Тинатин аттуу жашоочусунун үйүнө уурулукка кирип, жалпы суммасы 36 миң сомду түзгөн уюлдук телефонун жана алтын буюмдарын уурдагандыгы белгилүү болду.

Учурда кармалган адамдын мындан башка да ушундай кылмыштарды жасагандыгы текшерилүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан