Кыргызстанда күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды

Кыргызстанда 16-мартта саат 11:32де күчү 4,5 баллга жеткен жер силкинүү катталды. Бул тууралуу КРнын Илимдер академиясынын Сейсмологиялык институту кабарлады.
Маалыматка ылайык, жер силкинүүнүн очогу Саруу айылынан түндүк чыгышка карай 5 чакырым алыстыкта, Каракол шаарынан түштүк-батышка карай 38 чакырым алыстыкта катталган. Жер титирөөнүн күчү Кызыл-Суу, Светлая Поляна айылдарында 4-4,5 баллга, Ак-Терек, Жеңиш айылдарында 4 баллга, Караколдо 3,5 баллга жеткен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
bossmos7
2014-03-17 10:22:25
Жараткан Кыргызымды сакта боодо кырсыктан!
+2
Bella-life
2014-03-17 19:04:38
Жер титирөөнү сейсмологдор алдын ала айтып элди бул нерсеге көндүрүш керек, жер титиреп өтүп кеткенден кийин айтканды токтотуш керек.
Эгер бир катуу жер титиресе элди дүрбөтпөй деп айтпай коюп олтура берип элдин укпай калып даярдыгы же жашынууга убактысы жетпей калат.
Анын бетин ары кылсын, бирок башкача болуп кетсе анда көп жоготуулар де чыгымдар болот
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан