Жайыл районунда өрт кырсыгы катталып, Ниссан унаасы күйүп кетти

Чүй облусунун Жайыл районунда өрт кырсыгы катталып, Ниссан унаасы күйүп кетти. Бул тууралуу 17-мартта ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 14-мартта саат 14:00дө "101" кызматына чакыруу келип түшкөн. Үйдүн кампасынан тутанган өрт көмүр сакталган жайга өткөн. Андан гаражга өтүп, Ниссан үлгүсүндөгү унаа күйүп кеткен. Катталган өрт кырсыгын өчүрүү үчүн 1 сааттан ашык убакыт кеткен.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
DNurgiza
2014-03-17 10:10:18
Уйундо эч ким болбосо керек. Орт эмнеден чыкканы да белгисиз го. Жаман болуптур.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан