Бишкекте кыргыз кол өнөрчүлөрүнүн жана дизайнерлердин этномода көргөзмөсү өтөт

Бишкектеги Кыргыз көркөм сүрөт музейинде 19-март күнү “Айымдар - каада-салттын сактоочулары” аттуу кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү өтөт. 2-апрелге чейин өтүүчү иш-чара тууралуу уюштуруучулар маалымдашты. Долбоор Кыргызстандагы АКШнын элчилигинин колдоосунда өтүүдө. 

“Айымдар - каада-салттын сактоочулары” долбоору жаштарды окутуу аркылуу кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн сактап, өркүндөтүүгө багытталган. Көргөзмөгө шырдак, ала кийиз, туш кийиз, аяк кап жана чийден жасалган буюмдар коюлат.

Сатуу-көргөзмөсүнөн белгилүү дизайнерлерден көйнөк, баш кийим, моюн орогуч, бут кийимдерди көрүүгө болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан