Суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу эртең, 18-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкектин айрым райондорунда муздак суу убактылуу токтотулат. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта "Бишкек суу-канал" ишканасы маалымдады.
Маалыматка ылайык, Лев Толстой, Жунусалиев, Айни көчөлөрүндө жана Ак-Өргөө конушунда, Жер иштетүү институтунун аймагында, Ленин райондук аскердик комиссариатында, "Кока-Кола", "Яшар" ишканаларында муздак суу берүү убактылуу токтотулмакчы.