Бакай-Ата районунда иске ууланып бир адам каза тапты. Бул тууралуу 17-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 16-март күнү Ак-Дөбө айылында чыккан өрт боюнча “101” кызматына кабар түшкөн. Жеке менчик турак үйлөрдүн биринде өрттөн 39 жаштагы үйдүн ээси набыт болду. Куткаруу учурунда эс-учун жоготкон бойдон ооруканага алып барышкан. Ал ооруканага жетпей көз жумган.