Борбор калаада зордуктоого шектелген жарандар кармалды. Бул тууралуу 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, милицияга Аламүдүн районунун 20 жаштагы тургуну Р.Айжан кайрылган. Ал
Арча-Бешик конушунда белгисиз адам күч колдонуп зордуктаганын айткан. Тергөө амалдарынын
жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе зордуктоого шектелип Талас облусунда
туулган 21 жаштагы А.Байсейит кармалды.
Мындан сырткары укук коргоо органдарына 47 жаштагы Т.Адалат
кайрылган. Ал Орозбеков көчөсүндө белгисиз адам зордуктоого аракет кылганын
айткан. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Шаардык жол-кайгуул кызматынын
инспекторлору тарабынан 61 жаштагы О.Доктурбек колго түшүрүлдү. Кылмыштар боюнча
иликтөөлөр жүрүүдө.