Эртең Нооруз майрамына карата өтүүчү концертке катышуу үчүн Кубаныч Сатаев, Нурлан Насип жана башка эстрада жылдыздары АКШга учуп кетишет

Эртең, 18-мартта эстрада жылдыздары Алтынай Нарбаева, Аскат Мусабеков, Кубаныч Сатаев, Кубаныч Ажыбаев, Кундуз Канатбек кызы, Нурлан Насип, Сайкал Садыбакасова жана Элмирбек Иманалиев АКШга учуп кетишет. 8 кишиден турган топ АКШда жүргөн кыргыздар үчүн Нооруз майрамына карата жандуу үн менен концерт тартуулашат. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Кубаныч Сатаев SUPER.KG порталына билдирди.

Анын айтымында, концерттер чоң-чоң залдарда уюшулат жана жылдагыдан көп сандагы ырчылар катышууда. “Бизге маалым болгондой, 21-мартта Чикагодо, 22-мартта Нью-Йорк шаарында, 23-мартта Филадельфия шаарында ырдайбыз”,- дейт ал.

Кошумчалай кетсек, мындай маанидеги иш-чараларды АКШдагы “Кыргыз, салам!” бирикмеси 5 жылдан бери уюштуруп келет. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
feruz1
2014-03-17 12:41:29
жакшы ак жол
0
Gulmirahon
2014-03-17 13:35:24
Жолунуздар шыдыр болсун!!!
0
Aydan
2014-03-17 17:07:30
Суперден супер жанылык кооооо! азаматтар ак жол каалайм! кыргыз туугандарга салам бизден!
0
Jeki
2014-03-19 11:26:01
охоо катуу кекткен го кыргыздарым азамат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан