Ош облусунун Ноокат районунда жол эрежесин бузган айдоочу менен анын атасы МАИ кызматкерин сабап салышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта ИИМдин Жол-кайгуул кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.Маалыматка ылайык, 15-мартта саат 23:00 чамасында Жол-кайгуул кызматкери рейд учурунда бир унааны тоскон. Текшере келгенде айдоочунун документтери жок болуп чыккан. Бул иш боюнча протокол түзүлүп, унаа айып пул төлөөчү жайга киргизилген. Мындай чечимге нааразы болгон унаанын жүргүнчүсү, тагыраак айтканда, айдоочунун атасы МАИ кызматкерин жакалап, формасын жыртып, андан соң уулу экөөлөп сабап салышкан.
Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Ал эми МАИ кызматкери ооруканада дарыланууда.