2014-жылдын 12-мартында саат 16:00 чамасында Аксынын Кербен шаарындагы Тынчтык көчөсүндөгү №36-үйдөн "хизбутчулар" кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган даректе 1967-жылы туулган Турдалиева Розанын үйүндө Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын тургуну К.Мамбетов, анын жубайы А.Мамбетова жана Кербен шаарынын тургуну С.Ашимов 10 атуулду экстремисттик маанайдагы окууга үгүттөп жаткан жеринен кармалышты. Далил катары алардан 200 даана китеп, 300 даана журнал алынган.
Ошондой эле ушул жылдын 13-март күнү саат 10:00 чамасында Базар-Коргон районунун 1987-жылы туулган А.Парпиев аттуу тургунунун үйүнө тинтүү жүргүзүлүп, андан «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик маанайдагы 13 даана китеп, 8 даана баракча, 7 даана компакт-диск, 8 даана дептер алынды.
Учурда алынган далил буюмдар экспертизага жиберилип, кармалган жарандардын үстүнөн алдын ала тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.