Жалал-Абад. Сузакта мал уурулук менен 24 жаштагы жигит кармалды

Сузакта мал уурулук менен 24 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, милицияга Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Көк-Арт айыл округуна караштуу  Жалгыз-Жаңгак айылынын тургуну Н.Тилекматов кайрылган. Ал үйүнөн 14-марттан 15-мартка караган түнү уурулар уюн уурдап кетишкенин айткан. 

Ыкчам жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында ушул эле айылдын 24 жаштагы тургуну Р.Жумабек уулу колго түшүрүлүп, уурдалган уй ээсине кайтарылып берилди. 

Ал эми Р.Жумабек уулу үстүнөн 165-беренесинин 2-бөлүмү менен кылмыш иши козголуп, Сузак РИИБинин  убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы тапта тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан