Улуу Кытай дубалына граффити тартканга уруксат берилди

Улуу Кытай дубалына граффити тартканга уруксат берүү боюнча чечимди эски эстеликти вандалдардан (маданий байлыктарды кыйратуучулардан) коргоо үчүн кытай бийлиги кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Эстеликке жазуу калтырууну каалагандар үчүн Мутяньнюй аймагында атайын зона бөлүнгөн. Граффитилер кытай тилинде эмес, чет тилинде болушу керек.  

Муну менен катар кытай бийлиги келечекте эстеликтин аймагында электрондук сенсордук дубал пайда болорун билдиришүүдө. Мындай аналогиялык долбоорду 2013-жылы Ухандагы атактуу Сары каркыра мунарасына орнотушкан.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Kara_kyrgyz
2014-03-17 14:01:08
ооооо сенсордук дубал ((( кытайлардын колунан келет
0
nurando
2014-03-17 15:44:29
Жаакшы болуптурго ее
0
Bodibilding
2014-03-17 16:06:33
Кытай емнени ойлоп чыкпайт дейсин.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан