Ош. Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата кичи футбол болуп өттү

Ош шаарындагы «Дельфин» спорт-комплексинин аянтында кичи футбол боюнча мелдеш өттү. Мелдеш Турак жай-коммуналдык чарба кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата 15-16-март күндөрү өткөрүлдү. Ар жыл сайын салтка айланган оюнга шаардагы коммуналдык чарба тармагында эмгектенген ишканалардан 9 команда катышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чарага Ош шаардык мэриясы тарабынан 30 000 сом өлчөмүндөгү каражат бөлүнүп, жыйынтыгында «Ош-Тазалык» атайын адистештирилген муниципалдык ишканасынын оюнчулары мыкты оюн көрсөтүп, биринчи орунду ээлешти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан