15-мартта Жол-кайгуул кызматынын инспекторлору Бишкектин Абдрахманов-Иваницин көчөлөрүнүн кесилишинен Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Камчыбек Ташиевдин уулун кармап, унаасын айып аянтчасына токтотушту. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы
Бакыт Сейитов SUPER.KG порталына билдирди.
Айтымында, Ташиевдин уулу унаасынын алдынкы айнектерин караңгылатып алганы үчүн кармалды. Ал үйлөнүү тойдун кортежинде бара жаткан.
Маалыматтарда бул жаран
Таймурас Ташиев экени айтылды.
"Бул жигиттин керектүү документтери колунда бар болчу. Бул факты боюнча тиешелүү иш кагаздар топтолуп, Свердлов райондук сотуна тапшырылды",- деди Сейитов.