Чүй районунда 79 үй канаттуусун уурдаган 19 жаштагы тургун кармалды. Бул тууралуу 17-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, өткөн жылдын октябрь айынан үстүбүздөгү жылдын февралына чейин Токмоктун тургундары уурудан зыян тартып келишкен.
Милиция кызматкери уурунун изине түшүп, Чүй районунун 19 жаштагы жашоочусу Ж.Эни колго түшүрүшкөн. Кылмышка шектүүгө КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси менен кылмыш иши козголуп, иликтөө амалдары жүрүүдө.