Республикалык психиатриялык борбордон качкан бейтаптын энесинин үйүн өрттөгөндүгү аныкталды

12-мартта Республикалык психиатриялык борбордун 1-бөлүмүнөн качкан бейтап энесинин үйүн өрттөп салган. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, 1986-жылы туулган бейтап Семён Образцов ооруканадан качып чыгып, Пригородное айылында жашаган энесиникине барган. Андан соң анын үйүнө өрт коюп, белгисиз тарапка качып кеткен. Кошуналары өз убагында өрттү өчүрүп калууга жетишишкен. Жыйынтыгында үйдүн бир аз бөлүгү өрттөнгөн. 

Көп өтпөй Октябрь РИИБине бейтаптын Аламүдүн районунун Дача айылындагы чоң энесиникинде жүргөнү маалым болгон. 15-мартта милиция кызматкерлери оорулууну чоң энесиникинде жүргөн жеринен кармап келип, аталган борборго тапшырышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан