Ырчы Алмаз Шаадаев "Татынасың" ырынын клибинде сувенирге айланды

Ырчы Алмаз Шаадаевдин репертуары дагы бир клипке толукталды. Дегеним, бүгүн, 17-мартта Алмаз "Татынасың” деген ырынын клибин көрүүчүлөргө тартуулады.

"Клип шаңдуу маанайда тартылды. Өзүмө абдан жакты" деген ырчы клиптин жаралышы тууралуу буларга токтолду: "Клиптин режиссёру - Элдияр Өмүралиев. Негизинен 3 айдын ичинде тартылып бүттү. Монтаж иштерине көбүрөөк убакыт кетип калды. Анткени мени кичирейтип, сувенирге айлантуу бир аз колду кармап койду. Клип "Бишкек-Парк" соода борборунан, студиядан жана үйдөн тартылды. Каармандарды болсо соода борборунда соода кылып жүргөн кыздардын арасынан тандадык. 

Тартуу учурундагы дагы бир кызык окуя, мен ичине салынган жүрөк ватмандан жасалган эле. Алгачкы жасаган жүрөгүбүз бузулуп калып, кайрадан жасоого туура келди",- дейт ырчы.

Татынасың
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
SMS Aroma
2014-03-17 16:59:41
Азаматсын , Алмаз ! Бойтоюп эле форумда билдируу жазып журчу , сенин ийгилигине суйуном иничек !
0
mekusha
2014-03-17 17:09:04
Жагымду болуптур азамат Алмаз
0
Aelit
2014-03-18 12:16:11
Уят , сюжет уурдаганды качан токтотосунар !!!!
0
alhimic
2014-03-18 12:28:26
Бул ырга тан калбай эле коюш керек озбектердин ырчысы Фаррух Комилов деген ырчысынын "Трам тарам" клибинин кочурмосу , уят да ушунчалык копиялап жасаган.
0
admin_superstan
2014-03-18 12:48:15
alhimic, курамы окшош сайтка шилтеме бергениңиз үчүн 5 күн БАН!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан