Бишкекте оперкызматкерин сабаган айдоочу кармалды

Кечээ, 16-мартта саат 09:50 чамасында Москва жана Жаш гвардия көчөлөрүнүн кесилишинде Жол-кайгуул кызматынын кызматкерлери Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны тосушкан. Бирок ал токтобостон, жолун уланткан. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, качкан унааны Бишкек ШИИББинин кылмышкерлерди издөө бөлүмүнүн оперкызматкерлери Москва жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен токтотушкан. Унаанын айдоочусу каршылык көрсөтүп, оперкызматкердин денесине оор залака келтирген. Кызматкер соттук-медициналык экспертизага жиберилген.

Учурда бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, айыпталуучу, Бишкек шаарынын 39 жаштагы тургуну Б.Евгений убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Almabek
2014-03-17 16:35:46
тузук тузуук
0
tolkun85
2014-03-17 16:43:11
оа кичине дем алсын кармоочу жайда
0
artur007
2014-03-17 16:47:36
жакшы кылыптыр олуктунарда гаилер менда азыр чыгып келдим машинамды камап койду эле адамгерчилик болуш керек.
0
realliver
2014-03-17 16:48:32
Kryshasy bar go. Jon adam mentterge kol kotorobu..
0
alim
2014-03-17 16:58:24
Мен билгенден оперативник машинаны токтотууга укугу жок. Анан эми жакында форма кийгендин баары эле бизди токтото берсе, бул безпредел болуп калат го
0
Shai
2014-03-17 17:02:51
Ушул кишиден дагы токмок жеген кандай оперлер экен ошолор. Биздин Кыргызстандын менттерин да карап спортко конул бурдурбаса курсак салып чанайып анан корунгондон токмок жеп уят болуп журо берет.
+3
abdykalyk81
2014-03-17 17:07:11
ким болгондо деле неге бетин даана коргозбойсунор козун жаап танылбас учун кылган аракетинерби кыргыз болгондо ачык коргозот эленер абиирин ачып качан онолобуз кыргыздар
+5
admin_superstan
2014-03-17 17:36:35
tumarchik, провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынган. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
0
mers19
2014-03-18 01:46:36
следак болсо бир жон, оперлер уялгылачы
0
aliii
2014-03-18 14:23:46
Ооо жакшы жакшы менда токмоктогум бар гаилерди бир
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан