Бишкекте жаш кызды бычак такап коркутуп телефонун тартып алган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 17-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, борбордун Сүйөркулов-Байтик баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде 20 жаштагы Э.Жибекке белгисиз бирөө күч колдонуп, бычак такап коркутуп Нокиа-8 үлгүсүндөгү телефонун тартып алган.
Октябрь РИИБинин кызматкерлери тарабынан бул кылмыш ишине шектелип Жалал-Абад облусунун 28 жаштагы тургуну К.Фархад кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.