19 жаштагы Улан Өмүрбеков мырзалар арасында өтүүчү эл аралык сынакка Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу 17-мартта SUPER.KG порталына "IDOL Fashion Management'' моделдик агенттигинен билдиришти.
Маалым болгондой, эл аралык деңгээлде өтүп жаткан сынакка Кыргызстан биринчи жолу катышып жатат. “Улан Кыргызстандагы мырзалар арасындагы сынактарга катышып келген. Ал "Нарын мырзасы" наамынын ээси болуп саналат. Атайын түзүлгөн комиссия тарабынан тандалып алынган жана сынакка катышуу үчүн эртең, 18-мартта жөнөп кетет. 28 өлкө катышкан сынактын башкы байгеси 15 миң долларды түзөт. Мындан сырткары жеңүүчү 50 миң долларлык келишим түзүүгө мүмкүнчүлүк алат. Негизинен мырзалардын бою 180 сантиметрден кем эмес жана жашы 18ден жогору болуп, спорттук дене түзүлүштө болушу шарт”,- деп айтылат маалыматта.
Катышуучулар улуттук кийим, fasion show, ич кийимдер сынагы жана смокинг кийими боюнча өздөрүн көрсөтүшөт. Сынактын жүрүшүндө эң жакшы видеоролик, интервьюлар аныкталып, мыкты жетилик (топ 7) түзүлөт.
«Mister Global International'-2014» сынагы 21-27-мартта Таиландда орун алат. Катышуучуларды социалдык тармактарда онлайн добуш берүү аркылуу колдосо болот.