Ош. "Бөтөлкөлөш айымды мууздап салган" деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды

Ошто "бөтөлкөлөш айымды мууздап салган" деп шектелип 22 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 17-мартта Ош ОИИББинин басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков билдирди. 

Маалымаька ылайык, 16-мартта саат 04:30 чамасында №16-кесиптик лицейине тиешелүү жатаканада 1987-жылы туулган айымдын жансыз денеси табылган. Маркумдун Ош шаарына караштуу Жапалак аймагында туулган Ч.Элмира экени аныкталган. Анын денеси табылган бөлмө канга боёлуп, маркумдун моюну кесилгени белгилүү болгон. Ошондой эле кылмыш болгон жерде арактын сынган бөтөлкөсү табылган. 

Ош шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан кылмышка шектүү деп 22 жаштагы А.А. кармалды. Анын буга чейин соттолгону белгилүү болуп, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Ага карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. 

Колго түшүрүлгөн жаран кылмышты моюнуна алган. Алдын ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү менен маркум арак ичип отурушкан. Чатак чыгып, мушташа кеткенде А.А. бөтөлкөнү сындырып, Ч.Элмираны мууздап салган. Кылмыштан кийин шаардан чыгып кетүүгө аракет кылып, бирок жетишкен эмес. Азыркы тапта бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
jojoshka03
2014-03-17 19:08:16
арак ичпей балее ичкирлер
+1
just-mars
2014-03-17 19:15:47
Өлгүчө ичиптир да байкуш...
+2
AKJOL88
2014-03-17 19:27:45
жаны жанаттан болсун
Аллахым женилирек жаза берсин.
0
Nurik_kbt93
2014-03-17 19:29:35
АЛЛАХка тообо кылгыла.
0
nazhiev80
2014-03-17 19:50:14
Арак жаман иштердин ачкычы экендигине дагы бир далил,кудай сактасын .
0
Adiko..91
2014-03-17 21:22:38
Ошол окуу жайдын жатаканасын жакшы тартипте болсо жаран тируу калмак кантип ата энелери ишенип берген студенттер жашаган жерде арак ичилип жатса анда ошол жатаканада жашаган студенттер кандай тартипте болушат и алардын коопсуздугун ким карайт
+6
rumaika5544
2014-03-17 21:41:31
Ооба да ушундай жаш,жаш балдар арактын айынан жаман жолго барып жатышат
0
lazygirl
2014-03-17 22:04:19
Студенттердин жатаканасында болсо.. ал жак да коопту болуп калган турбайбы.
+3
chingizhan01
2014-03-18 00:34:46
Оштогу 16чы жатаканада жалан бузулгандар жашашат.
+1
maksat
2014-03-18 01:09:14
Ичбей эле койбоптурда байкуштар...
0
Jamalym
2014-03-18 01:52:28
Ал жер озу бардак жер го.Тынч эле журушпоптур да.Жайы жаннаттан болсун!
0
Mamar
2014-03-18 04:18:30
Супер инфо эмне учун кылмышкерлердин аттарын жашырасынар,же жалгандан токуйсунарбы???????????
+1
PROS
2014-03-18 07:46:45
Mamar, супер-инфо жашырбайт, кылмышкерлердин атын ИИМ тергоо учурунда жашырат. Бирок Ташиевтин балдарын ачык айтышат)))
+1
diiazbek
2014-03-18 15:33:12
PROS, Хахаха журоктогу созду айтыпсынгоо еркек екенсин
0
admin_superstan
2014-03-18 09:09:35
Mamar, кылмышка шектүүлөрдүн толук аты-жөнүн атоого тыюу салынат. Ал эми кээ бир кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү укук коргоо органдарынын уруксаты менен аталат.
0
furkat.0097
2014-03-18 04:20:19
адам адамды олтургондон да коркпой калыптырго.
0
duiusheev
2014-03-18 11:48:02
Акыркы күндөрү көнүмүш адат болуп баратат бул зөкүрлөргө!!жазанын эң оорун беришсе болор
0
tokio1991
2014-03-18 17:47:37
жаткан жери жайлу болсун!жашчылык масчылык .кудай ынсап берсин бул пендеге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан