Жылнаама. 18-март: Мындан 352 жыл мурун, 1662-жылы Париждин көчөлөрүндө жүргүнчүлөрдү ташуучу эң биринчи унаа пайда болгон

* Мындан 85 жыл мурун, 1929-жылы кыргызстандык ММКларда Нарында “Таш-Рабат” деген уникалдуу тарыхый эстеликтин ачылгандыгы тууралуу маалымат тараган. Буга чейин илимге белгисиз эстелик Ат-Башы тоосунун арасында орун алгандыгы коомчулукка маалым болгон. Уникалдуу эстеликтин 40 бөлмөдөн турары белгиленип, кыска аралыкта чара көрүлбөсө, тарыхый мурас таштандыга айлана тургандыгы кабарланган. Маалымдоо каражаттарынын белгилөөсүнө караганда, жергиликтүү калк эстеликти сакташтын ордуна аны мал сарайга айландырган.  
* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы 5-чакырылыштагы КСДП фракциясынан ЖКнын депутаты Акылбек Султанов Ош облусундагы Кара-Суу районунун Ак-Жар айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1990-жылы Жалал-Абад зооветтехникумун техник-электр-механик адистиги боюнча, 2009-жылы Ош технологиялык университетин экономист адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун 1984-жылы Кара-Суу районундагы "Отуз-Адыр" совхозунда айыл чарба машиналарынын слесары болуп иштөөдөн баштаган. 1984-1986-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Андан соң 1987-жылдан тартып 1988-жылга чейин Кара-Суу мамлекеттик малды интенсивдүү бордоп семиртүү боюнча атайын чарбада улук жумушчу болуп иштеген. 
1988-1993-жылдары – Кара-Суу районундагы "Катта-Талдык" кой чарбачылыгы жана мал чарбачылыгы боюнча тажрыйба станциясында жумушчу-спорт инструктору жана кассир;
1993-1996-жылдары – "Россия-Кыргызстан" биргелешкен ишканасында бухгалтер;
1996-2005-жылдары – "Мааткерим" фермердик ишканасында директордун орун басары;
2005-2009-жылдары "Жаңы доор" (ЖЧК) пахта тазалоочу заводунун директору болуп эмгектенген. Акылбек Султанов 2007-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланган. 2009-2010-жылдары "Түштүк-кыргыз цемент" ЖАКынын ишин камсыз кылуу боюнча директор болгон.
2010-жылдын октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча V чакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттыкка шайланган. Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөсү.

* Мындан 352 жыл мурун, 1662-жылы Париждин көчөлөрүндө жүргүнчүлөрдү ташуучу эң биринчи унаа пайда болгон. Омнибус аталган 8 орундук каретага ат коштолуп, коомдук транспорт шаардык жүргүнчүлөрдү ташууга ылайыкташтырылган.

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан