Киши колдуу болуп каза тапкан Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кенен маалымат бериле элек. Анын Байтик айылына жакын жердеги мүрзөнүн жанынан табылганы жана киши колдуу болуп көз жумганы айтылды. Кылмышкердин колго түшкөнү боюнча маалымат жок.
Эскерте кетсек, 10-марттан бери изделип жаткан Камила Дүйшөбаеванын жансыз денеси 16-мартта табылды. Ал 19 жашта болчу. Кыргыз-Орус билим берүү академиясында (Кыргызско-российская академия образования) 1-курста билим алып жаткан.