"9 жашар кызды зордуктаганга аракет кылып, өлтүрүп алган" деп кармалган шектүү кыздын тууганы болуп чыкты (окуя болгон жерден фоторепортаж)

Кара-Балта шаарында каза болгон 9 жаштагы кыздын өлүмү боюнча экспертиза жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында секелек кыз зордукталбай, бирок кыйнап өлтүрүлгөнү аныкталды. Бул тууралуу Жайыл РИИБинин башчысы Раад Мырзаканов билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кара-Балта шаарындагы Садовое көчөсүнөн табылган кыз 2005-жылы туулган Гүлира Турдукалиева экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары маркум кыздын апасынын бөлөсү Амантур Тургунбек уулу кармалган. 

“Окуя болгон күндүн эртеси, 16-мартта кылмышка шектүүнү ыкчам кылмыш иликтөө тобу шаардын четиндеги кашардан кармашты. Шектүүнүн үйүн тинтүү учурунда канга булганган шымы жана ыплас жерди баскан бут кийими табылды”,- деп билдирет Раад Мырзаканов.

Эске салсак, маркумдун жансыз денеси аталган шаардагы Социалдык фонддун имаратына тиешелүү гараждар менен дубалдын ортосунда жайгашкан кууш жана абдан ыплас жайдан табылган. Анын жанынан кан болгон таш табылып, укук коргоо кызматкерлери барганда кыздын денеси али муздай элек болгон. 

Окуя тууралуу кененирээк маалыматты “Супер-Инфо” гезитинин 21-марттагы чыгарылышынан жана видео- материалын SUPER.KG порталынын “Супер ТВ” бөлүмүнөн көрө аласыздар.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
sher89
2014-03-18 10:32:12
Мен эч эле тушунбой калдым эмне эле жаш кыздарды олтуруп кетуудо
0
Altyn1980
2014-03-18 10:51:06
Эй кан корлор ойлонуп иш кылгылачы жаш наристелерде эмне куно силерда ушул жаш балдарга окшоп чонойгонсунар
0
tolkun85
2014-03-18 10:53:18
не деген адамдар жердин бетинде басып журушот а?
0
duiusheev
2014-03-18 11:41:19
Күнөсүз али эне сүтү озунан кете элек кызды мынча эрте кыйнадыкен таш боор
0
gulmira.mukumbaeva
2014-03-18 12:36:15
деги мындай жаш секелек кызды олтуруп эмне тапты экен?
0
boztalaa
2014-03-18 14:46:06
Адам баласы айбан жасабаган нерсени жасап жатышат деги кайда баратабыз айткылачы?
0
Kunnur
2014-03-18 15:18:10
Айбан да мынчалык жырткыч болбойт.не дешти да билбейм.
0
artur_kgboy
2014-03-18 15:34:25
Kyrgyzdar islam dinin albai ele xristian dinin alsa bolmok eken kundo Byshkek jakta buronu zorduktagan olturgon dagy ar turdu oigo kelbegen okuialar
+1
Compact
2014-03-18 15:53:05
artur_kgboy, ислам дининин эмне тиешеси бар? Же христиандарда зордуктоо деген жокко эсеби?
0
ALI2012
2014-03-18 22:11:25
мындай адамдарга жашоо жок бул дуйнодо
0
arena2014
2014-03-19 08:54:15
Мындай олумдорго мамлекетибиздин мыйзамдары иштебегендиктен АША кунолуу!
0
KARAGER
2014-03-19 10:08:45
Зоокурду омур бою эркинен ажыратыш керек.
+1
zamira8576
2014-03-19 13:42:04
Менин оюмча кармалган бала апасынын тууганы болгондуктан болгон иш болду деп,кызды зордукталган эмес деп коюшу мумкун.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан