Келдибековдун 31 тарапташына 200-500 сом айып пул салынды. Бул тууралуу 18-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 17-мартта
Жогорку Соттун имаратынын алдына депутат Ахматбек Келдибековдун 40ка жакын тарапташы
митингге чыгышкан. Алар колдоруна "Ахматбек Келдибеков -
чыныгы мекенчил патриот", "Кыргыз эли акыйкат чечимди күтөт"
деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушкан.
Саат 11:00 чамасында
Бишкек ШИИББи менен Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери “Тынчтык митинги жөнүндө”
мыйзам тууралуу түшүндүрмө беришкен. Анда митинг жөнүндө 30 күн мурун жазуу
түрүндө маалымдама берилиши керектигин айтышкан. Тарапташтардын нааразылык
акциясында мыйзамдын бузулгандыгы белгилүү болгон.
Бирок акцияга чогулгандар
укук коргоо органдарынын айткандарын угушкан эмес. Ошондой эле чогулгандар
микрофон менен сүйлөп, айланадагы мекемелердин иштөөсүнө тоскоолдук жаратышкан.
Мындан
улам акцияга катышкан 39 адамга (14 аял, 25 эркек) карата административдик
материалдар түзүлүп, алардын 31ине 200 сомдон 500 сомго чейин айып пул салынды.
Калганына эскертүү берилди.