30-мартта Кыргызстандын КВН командасы 18 жашын белгилейт. Аталган иш-чара Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда өтмөкчү.
Уюштуруучулар билдиргендей, туулган күндүн урматына эки иш-чара өткөрүү белгиленген. Алгач Жазгы Кубок уюштурулуп, анда "ДНК" (чемпион, 2013), "Весёлый строитель" (чемпион, 2011), "Американсикй пирог" (БААУ), "Кара-Балта" курама командасы, Казакстандан келген команда жана Бишкектеги №6, 9, 24, 31, 17-мектептердин командалары өз таланттарын тартуулашмакчы.
Ал эми экинчиси - Жогорку Лиганын 19-сезонунун жарым финалы. Мында 4 жолдомого 7 команда ат салышышат. Алар: "Свои", "36 и 6", "Бишкек" курама командасы, "Порыв ветра", "Инкогнито", Политехтин курама командасы жана Алматыдан келген "Номады" командасы.
Жарым финалдын темасы "Мен сыйкырчы эмесмин, мен үйрөнүп жатам!" деп аталат. Командалардын талантын белгилүү, профессионал калыстар тобу баалашат.