Айланып өтүүчү Көк-Талаа - Пүлгөн унаа жолу июнь айында бүтөт. Бул тууралуу №46-жолдорду тейлөө ишканасынын жетекчиси Саидбуркан Ысманов билдирди.
Анын айтымында, жолдун курулушу 2013-жылы март айында башталган.
“Курулуп жаткан жолдун жалпы узундугу 14,7 чакырымды түзөт. Туурасы - 8,5 метр. Буга 8,6 миллион евро бөлүнгөн. Жол учурда асфальт төшөөгө даяр болуп калды. Бул жол бүтүп калса, элге жакшы болмок. Анткени мурда каттап келген унаа жолу Өзбекстандын Фергана районунун аймагында жайгашкан. Алар каалаган убагында жаап коюшчу”,- деди Саидбуркан Ысманов.