Бишкекте Ноорузга даярдык көрүлүп жатканына байланыштуу 19-21-март аралыгында эски аянтта жана “Ала-Тоо” аянтында жол кыймылы токтотулат
21-мартта Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында Нооруз
майрамына карата салтанат өтөт. Бул салтанатка көрүлгөн даярдыктарга байланыштуу 19-мартта эски аянтта жол кыймылы токтотулат. 20-мартта
бул даярдык “Ала-Тоо” аянтында өткөрүлгөнүнө байланыштуу бир күн бою борбордук аянтта жол кыймылы токтотулат. Ошондой эле 21-март күнү да аянт жабык
болот. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан
билдиришти.