Бүгүн, 18-мартта жергиликтүү радиоберүүдө Кыргызстанда кыздардын эрте турмушка чыгуусу жөнүндөгү маселе талкууга алынды. Ага КРнын Муфтиятынын басма сөз катчысы Асан Саипов, “Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова жана Өзүбек ажы Чотонов катышты.
Асан Саиповдун айтымында, ушул маселени көтөрүүгө жаштар эрте үйлөнүп алып, көп өтпөй ажырашып жаткандыгы себеп болду. “Учурда Кыргызстанда акыл-эси жок, тарбия көрбөгөн эркектер тарабынан коомдо деградация байкалууда. Маселен, жакында эле 19 жаштагы кыз зордукталып өлтүрүлдү”,- дейт муфтияттын басма сөз катчысы.
“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова: “Даярдыгы жок, эрте турмушка чыгып алып, кийин кордук көргөнүнөн улам биздин мекемеге кайрылган кыз-келиндер көп. Миграция, баңгилик, аракечтик, балдарда адеп-ахлактын жоктугу - ушунун баары үй-бүлө институтунун бузулушуна себеп болуп саналат”,- деди.
Өзүбек ажы Чотоновдун айтымында, кыздын жигит менен чогуу жүргөнү - анын бойго жеткендигинин белгиси. “Эгер кыздын алдында “окуу же күйөөгө тийүү” деген тандоо болсо, ал күйөөнү тандашы керек. Кыздарга 7-класстын билим деңгээли жетиштүү”,- деди Чотонов.