Чүй облусунун Панфилов районунда "кызматтык абалынан пайдаланган" деп шектелген жетекчилерге кылмыш иши козголду.
Маалыматка ылайык, аталган райондогу Ортоев айыл өкмөтүндө иштеген кызматкерлер 2013-жылдын октябрь айынан 2014-жылдын январь айына чейин "мектепке балаты, кооздук, керектүү нерселерди алдык" деп жасалма жол менен кассадан 193 500 сомду өздөштүрүп алышканы аныкталган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 171-беренеси (мүлктү тартып алуу жана коротуу), 304-беренеси (кызматтык ишин кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) менен кылмыш иши козголду.
Ошондой эле Панфилов райондук маданият бөлүмүнүн кызматкерлеринин 2011-жылдан 2014-жылдын 1-январына чейин күйүүчү май, жүрбөгөн автоунаанын бөлүктөрүнө деп документтерди жасап, 53 877 сом өндүрүп алышканы белгилүү болгон.
Аларга карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (кызматтык ишин кыянаттык менен пайдалануу) жана 315-беренеси (кызматтык жасалмалуулук) менен кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы аталган кылмыш иштери боюнча иликтөө жүрүп жатканын маалымдады.