Бишкекте эки маршруттук такси кагышып, 4 адам жаракат алды. Кырсык 17-мартта саат 10:00 чамасында Элебесов көчөсүндө катталган. Анын кесепетинен 4 жаран: 27 жаштагы А.Асел, 47 жаштагы С.Канатбек, 31 жаштагы К.Айгүл жана унаалардын биринин айдоочусу жаракат алды. Жол кырсыгына кабылган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки маршрутканы Г.Бердигул жана К.Нурлан башкарганы белгилүү болду. Унаалар атайын унаа токтотуучу жайга жеткирилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.