Кечээ, 17-мартта саат 22:30 чамасында Бишкектин Ибраимов көчөсүндө жол кырсыгы катталды.
Маалым болгондой, Ауди-100 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу, 43 жаштагы Ш.Сабыркул мас абалында айдап бара жатып Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен экинчи унаада отурган жүргүнчү, 24 жаштагы А.Айгиза жаракат алган.
Унаалар айып төлөнчү жайга жеткирилип, учурда тиешелүү документтер чогултулду. Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.