Режиссёр Руслан Акун жаңы тасма тартууга киришти. Башкы каармандын ролун "тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу аткарат

Акыркы кезде кыргыз кино тармагында комедия жанрында тасмалар байма-бай тартылууда. Атай кетсек, 2014-жылдын 3 айында эле көрүүчүлөр "Пентхаус", "Түндүктүк келин", "Сүйүү жазы" сыяктуу кинокомедияларга күбө болуп келишет. Быйыл бул жанр дагы бир тасма менен толукталуу алдында турат. Дегеним, "Супер-Инфо" гезитинин 2013-жылдагы тандоосунда триумф жараткан "Салам, Нью-Йорк!" тасмасынын режиссёру Руслан Акун "Сүйгөнүмдүн жигити" аттуу кинокомедияны тартууга киришти. Режиссёр кезектеги тасмасы тууралуу буларга токтолуп өттү:

"Тасманын сценарийи жазылып бүттү. Башкы каармандын образын жарата турган актёр да тандалды. Ал - "тамашоучу" Жеңиш Майрамбек уулу. Учурда башка актёрлорду кастинг аркылуу тандап жатабыз. Буюрса, маанайды көтөргөн, позитивдүү тасма болот деп ишенем. Тасманын продюсери - Эрмек Нурбаев".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Murok
2014-03-18 13:06:50
Жениш кайсы бала?
0
emilkyrshab
2014-03-18 13:24:44
Кастингке катышсак болобу? Негизи кайсыл жерде отуп жатат, кастинг?
+1
alu_30
2014-03-18 13:35:24
"Моника Беллучидеги" Жениш да.
0
LaraKroff
2014-03-18 21:49:12
Женишти тааныбагандар арманда :)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан