Биз социалдык тармакта

Бишкекте "пенсионерди тоногон" деген шек менен 25 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте "пенсионерди тоногон" деген шек менен 25 жаштагы жигит кармалды. Маалыматка ылайык, 79 жаштагы А.Зоя “Будённый атындагы көчөдө жайгашкан №51-мектептин жанында бейтааныш жигиттер күчкө салып документтеримди жана капчыгымды тартып алышты” деп милицияга кайрылган.

Ыкчам иликтөө амалдарынын жүрүшүндө аталган кылмышка шектелип 25 жаштагы С.Азиз колго түшүрүлдү. Ал Жалал-Абад облусунун тургуну экени белгилүү болду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан