Чүй. Москва районунда "жергиликтүү тургунду зордуктаган соң өлтүрүп, көмүп салган" деген шек менен эки адам кармалды

Чүй облусуна караштуу Москва районунда "жергиликтүү тургунду зордуктаган соң өлтүрүп, короодогу дааратканга көмүп салган" деген шек менен эки адам кармалды. 
Маалыматка ылайык, 11-март күнү милицияга жергиликтүү жашоочу кайрылып, эжеси жоголгондугун айткан. Ал арызында 51 жаштагы тууганы март айынын башында жумушка кеткен боюнча үйгө кайтып келбегенин жазган. 
Белгилүү болгондой, жоголгон айым эмгек биржасында иштеп акча тапканы аныкталып, анын тааныштары суракка алынган. Анда акыркы жолу белгисиз адам үйүн актап берүүсүн суранып алып кеткени маалым болгон. 
Тергөө амалдарынын жүрүшүндө айымды алып кеткен мырзанын өздүгү такталып, аталган райондун Кепер-Арык айылынын тургуну болуп чыккан. Укук коргоо органдары аны менен сүйлөшүп, үйүн тинтүүгө алышкан. Сүйлөшүү учурунда милиционерлер ал адамдын тынчсызданып жатканын байкашкан. 
Маалыматта "Калп айтуусунан пайда чыкпаганын түшүнүп, аялды өлтүрүп, көмүп салганын моюнуна алды. Ошондой эле көмгөн жерди көргөзүп берген. Кылмышка шектүүнүн айтымында, марттын башында ал 48 жаштагы кошунасы менен эмгек биржасына барган. Үйүн актатуу үчүн бир айымды жалдашкан. Андан кийин арак ичип, мас абалында күч колдонуп ал аялды зордукташкан. Жасаган ишинен коркуп, өлтүрүүнү чечишкен. Өлтүрүп, аялды короодогу дааратканага көмүп салышкан" деп айтылат.
Азыркы тапта кылмышка шектүү деп 36 жаштагы М.Замар менен 48 жаштагы И.Алибек кармалып, убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. 
Жогорудагы факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “адам өлтүрүү” беренесине ылайык кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 18-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Чүй. Москва районунда жергиликтүү тургунду зордуктап өлтүрдү деген шек менен эки адам кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
aitowa11
2014-03-18 13:04:48
Тооба кудай сактасын.
+3
tynara81
2014-03-18 13:08:10
Тобоо, төбө чачыңды тик тургузган окуялар көбөйүп баратат го.
0
chingizhan01
2014-03-18 13:54:09
тооба адам кейпиндеги айбандар кобойуп жатат.
0
tolkun85
2014-03-18 15:58:04
эл бекерчиликтен ушундайга барып жатышабы же кандай тушунбодум кунуно 1-2 адам адамдын колунан каза болот.жакшы жанылык качан угабыз кыргызстаныбыздан.
0
Jenichbek
2014-03-18 18:23:41
калган омуруну турмодо откорот эми, бала чакасына кыйын болот кимдин баласы баякы зоокурдун баласы деп
0
chikakorea
2014-03-19 08:09:22
Adam emes bular, kandai mykaachylyk. Aibandar...
Omur boiu oturguzsun ushundailardy. Je atyp ele salyshsa oshondo bir az tynch bolot ele...
0
samidinova84
2014-03-22 01:30:03
Кыргызстанда адам олтуруш,чымчык олтургондой эле болуп баратат тообо.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан