Кечээ, 17-мартта Кадамжай районунун Айдаркен шаарчасынын Шевченко көчөсүндөгү №7-үйдүн 17-батиринде өрт чыкты. Маалыматка ылайык, үйдүн 8 чарчы метри, төшөнчүлөр жана 2 палас күйгөн. Өрттүн чыгышына үйдүн ээсинин тамеки тартуудагы этиятсыздыгы себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта ӨКМнын басма сөз катчысы Ыкыбал Абдираимова билдирди.