Бишкектин Санитардык-экологиялык инспекциясынын кезектеги текшерүүсүнүн жүрүшүндө Раззаков көчөсүндө жайгашкан унаа жуучу ишкананын айланасында санитардык эрежелердин сакталбагандыгы такталды. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкектин мэриясынын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган ишкананын кызматкерлери унаа жолуна жана айланадагы аймакка таштандыларды, калдыктарды таштап жаткандыгы аныкталды. Бул факты боюнча унаа жуучу ишкананын ижарачысына протокол түзүлүп, административдик комиссияга тапшырылды.