Бишкекте "14 жаштагы баланы тоногон" деп шектелип бир адам колго түшүрүлдү.
Маалыматка ылайык, 14 жаштагы С.Руслан Пушкин көчөсүндө жайгашкан “Сохо” кафесинен жеке буюмдарын уурдатып алгандыгы боюнча милицияга арыз жазган.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери 23 жаштагы О.Дуулатты кармады. Ал Чүй облусунун Сокулук айылынын тургуну экени белгилүү болду.
Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы кабарлады.