Америкалык окумуштуулар рак илдетине кабылган ырчы Жанна Фрискени айыгат дешүүдө 

Америкалык окумуштуулар рак илдетине кабылган ырчы Жанна Фрискени айыгат дешүүдө. Мындай жыйынтыкка дарыгерлердин бейтаптын оорусун аныктоо кеңешмесинен кийин келишкен. Алардын айтымында, "мээнин 4-стадиядагы рагы" деген диагноз кооптуу эмес. Америкалык онкологдор Жаннанын толук кандуу жашоого кайтып келерин ишеничтүү айтышууда. Ырчы Жанна Фриске жолдошу Дмитрий Шепелев, уулу Платон жана курбусунун курчоосунда Лос-Анжелесте дарыланууда. Ырчынын продюсери Андрей Шлыков чет элдик сайттарга "ушул жуманын аягында дарыгерлер кеңешип, кийинки дарылоону пландашат" деп билдирген.

Эскерте кетсек, орусиялык ырчы Жанна Фрискенин рак илдетине чалдыкканы тууралуу маалымат январь айында белгилүү болгон. Жолдошу Дмитрий жубайынын рак илдетине чалдыкканын расмий түрдө ачыктап, ырчынын сайтына жазып, Германияда дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айткан. Ырчынын күйөрмандары Жаннага колдоо көрсөтүү максатында акча каражатын топтошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
meerim8793
2014-03-18 15:35:39
Айыгып кетсе экен!
0
sergo
2014-03-18 15:46:27
Айыгып кетсин эми
0
rahat.87
2014-03-18 15:55:50
Айыгып кетсин,дегеле эчким оорубасынчы!!!!!!!!!!!!!!!!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан