Баткен. Гүлнара Авазова: "Учкун айылындагы №45-мектеп 90 пайыз китеп менен камсыздалган" 

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Учкун айылындагы Дарманбай Сыдыков атындагы №45-мектеп 90 пайыз китеп менен камсыздалган. Бул тууралуу аталган мектептин директору Гүлнара Авазова журналисттер менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, бардык предметтер боюнча китептер жетиштүү. Бир гана окуучуларды олимпиадаларга даярдаш үчүн материалдар жетишсиз болууда.

“Бул мектеп 2012-жылы курулуп, колдонууга берилген. Буга 46 миллион сом сарпталган. Мында 18 мугалим эмгектенет жана 240 окуучу бар. Мурунку мектеп 2011-жылкы жер титирөөдө жараксыз абалга келип калган”,- деди мектеп директору.

Ошондой эле Гүлнара Авазова акыркы жылдары 9-классты бүтүп, институт, колледждерге окуу үчүн кеткендер көбөйүп жатканын айтат.

Алсак, 11-класста болгону 10 окуучу бар. Алардын баары кыздар. Балдар 9-классты бүткөн соң Бишкек, Ош шаарларына окууга тапшырып кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Gaydana
2014-08-21 11:41:54
Биздин мектеп))) классташтарымМм:) эжейлерибизге талыкпас мээнет,окуучуларга ийгилик каалайм.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан