Бүгүнкү күндө ырчы
Алина Жетигенова менен "Жаш кыял" бий ансамблинин негиздөөчүсү
Жаныбек Чилетировдун үй-бүлөсүнүн кубанычында чек жок. Анткени Алина Жетигенованын кызы Азель 14-мартта Бишкектеги №3-төрөтканада көз жарып, ата-энесин кыз неберелүү кылып сүйүнттү.
"Бул экинчи неберем. Негизи, неберелүү болуу айтып жеткире алгыс, өзгөчө сезим экен. Улуу неберем Жан "эне, эне" деп артымдан ээрчисе бир эзилип алам. Минтип бүгүнкү күндө да башыбызга баш кошулуп, кубанып жүргөн чагыбыз. Кызым 18-мартта, туулган күнүмдө төрөсөм пландап жатты эле, бирок ага жетпей калды. Аман-эсен көз жарып алганына сүйүнүп жатабыз. Неберем 3 килограмм 180 грамм салмакта жарыкка келди. Кызымдын да, неберемдин да ден соолугу жакшы. Буюрса, эртең төрөтканадан чыгышат",- дейт кубанычы коюнуна батпаган ырчы.