“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды” деп шектелген Токмок шаарынын мэрине кылмыш иши козголду. Маалыматка ылайык, 2012-жылы шаар башчы жергиликтүү кеңешке жаңы Шаар чарбачылыгы, капиталдык курулуш, транспорт жана коммуникация муниципалдык башкармалыгын түзүүнү сунуштаган.
Аталган башкармалыктын жетекчиси вице-мэрдин милдетин аткармак. Депутаттар сунушту кабыл алып, башкармалык жаңы түзүм менен иштеп баштаган.
Бул тууралуу 18-мартта Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы “Тергөөнүн жүрүшүндө мындай чечимди кабыл алуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн милдеттерине кирбей тургандыгы аныкталды. Чечимди кабыл алуу менен шаардык кеңештин депутаттары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан. Ошол убактан бери мыйзамсыз түзүлгөн башкармалыктын кызматкерлерине айлык акы төлөнүп келген. Мамлекетке 132 миң сомдук зыян келтирилген” деп билдирди.
Азыркы тапта аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери жүрүүдө.