Бүгүн, 18-мартта Жалал-Абад шаарындагы Барпы атындагы театрдын алдында аялдардын ынтымагын, достугун бекемдөө максатында “Аялдардын тынчтыгын бекемдөө” аталышындагы иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Аталган иш-чарага Жалал-Абад шаарынын ичиндеги 5 аймактык башкаруу бөлүмдөрүнөн айымдар катышты. Анда айымдардын кол өнөрчүлүктөрүнүн көргөзмөсү орун алды жана кыргыздын улуттук бийлери бийленди.