Улуттук китепканада Альберт Эйнштейндин 135 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү өткөрүлүүдө

Улуттук китепканада физик-теоретик Альберт Эйнштейндин 135 жылдыгына карата сүрөт көргөзмөсү өтүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 18-мартта Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, көргөзмөгө Эйнштейндин жыйнактары, биографиялык материалдары коюлган. Иш-чара марттын соңуна чейин созулат.

Альберт Эйнштейн 1879-жылы Германиянын Ульм шаарында жарыкка келген. Ал заманбап теоретикалык физиканын негиздөөчүсү. Анын физика тууралуу 300дөн ашык илимий эмгектери, тарых жана философия илимдери боюнча 150дөй китептери бар. Альберт Эйнштейн 1921-жылы физика илимине кошкон салымы үчүн "Нобель" сыйлыгы менен сыйланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан