Кара-Балтада 9 жашар кыздын өлүмүнө шектелип кармалган бала күнөөсүн мойнуна алды 

Кара-Балтада 15-мартта түшкү саат 2лерде Шаардык социалдык фонддун имаратынын жака-белиндеги кароосуз калган гараждын жанынан 3-класстын окуучусунун жансыз денеси табылган. Дарыгерлер анын башына катуу сокку жегенин тастыкташкан. Мындан сырткары зордукталганын текшерүү үчүн экспертиза дайындалып, маркумдун зордукталбаганы далилденген. Кылмыш катталган күнү кыздын өлүмүнө шектелип маркумдун апасынын бөлөсү, Кара-Балта шаарынын 18 жаштагы тургуну кармалган.

Тергөөчү: - Аты-жөнүңүз ким?

Кылмышка шектүү: - Тургунбек уулу Амантур.

Тергөөчү:Туулган жылыңыз?

Кылмышка шектүү: - 1996-жыл. (Окуя тууралуу) 15-март күнү саат 2лерде эжекемдин үйүнөн чыгып...

Тергөөчү:Каяктан?

Кылмышка шектүү: - Залина эжекемдикинен...

Тергөөчү: Каякта жашайт?

Кылмышка шектүү: - Соцфонд жакта, Садовойдо. Ошо жакка барып, улуу эжекем мени ходунокко жөнөткөн болчу да. Ошого барып... Анан кийин ошо эжекем менен пиво ичип, 2,5 литр...

Тергөөчү: - Жалгызбы?

Кылмышка шектүү: - Ооба, жалгыз. Залина эжекем алып берген болчу. "Башым ооруп жатат" дегенде. Анан саат 2лерде Гүлираны мени менен жөнөттү Залина эжекем.

Тергөөчү:Гүлира деген ким?

Кылмышка шектүү: - Гүлира - кызы. Анан 100 метрдей баскандан кийин клиниться этип калып, сразу эле гараждын аркасына алып барып, эки жолу таш менен башына чаап өлтүрүп алдым.

Тергөөчү:Эмне максатта гараждын артына алып бардыңыз?

Кылмышка шектүү: - Билбейм ошону...

Тергөөчү: - Зордуктайын деген оюңуз бар беле?

Кылмышка шектүү: - Оюм жок болчу, бирок өлтүрүп салыптырмын да...

Тергөөчү:Эмне менен чаптыңыз эле?

Кылмышка шектүү: - Таш менен... эки жолу, башына.

Тергөөчү: - Ал эжекеңиздин кызы беле?

Кылмышка шектүү: - Ооба, эжекемдин. Бөлөмдүн.

Тергөөчү: - Ошондо каза болгон кыз бөлөңүз болобу?

Кылмышка шектүү: - Жок, мамасы бөлөм болот. А тиги ошол бөлөмдүн кызы болот.

Тергөөчү: Эч кандай причинасы жок эле өлтүрүп койдуңузбу?

Кылмышка шектүү: - Ошондой...

Тергөөчү:Кылган күнөөңүздү моюнуңузга аласызбы?

Кылмышка шектүү: - Алам.

Тергөөчү:Өкүнөсүзбү?

Кылмышка шектүү: - Өкүнүп жатам.

Тергөөчү:Жашыңыз канчада?

Кылмышка шектүү: - 18ге чыктым.

Тергөөчү:Окуйсузбу?

Кылмышка шектүү: - Окубайм. Базарда атама жардам берип иштейм.

Тергөөчү:Буга чейин милицияга түшкөн эмессизби?

Кылмышка шектүү: - Жок, түшкөн эмесмин.

9 жаштагы кызды өлтүрдү деп шектелген бала кылмышты мойнуна алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (26)
aikow92
2014-03-18 19:04:26
Кли́ниться - Баңгилер колдонгон сөз. Кандайдыр бир заттардын таасиринен (наркотикалык заттар) улам адам өз кыймыл аракеттерине жооп бербей калат. Галлюцинация.
+1
Dinakg
2014-03-18 19:17:14
Адам эмес эле акмак турбайбы?
0
medina21
2014-03-18 20:17:21
биздин олкодо зордуктоого олум жазоосун кабыл алса болмок. ушундайлар ото кобойуп кетти.
+1
adidas07
2014-03-18 20:52:35
бирдекени жашырып жатат бул жигит
0
raxatka
2014-03-18 21:24:06
Шумшук десе. Турмодогулор да клиниться этип сени да олтуруп койсо экен. Жашабагыр
+1
glock
2014-03-18 23:05:42
Бул канкорду зонадан жигитер энесин танытса екен ешеке.
0
AIZAD
2014-03-18 23:09:11
Дагы уялбай, тартынып да койбой жооп берип атканын! Акмак!!! Манкурт айбан.
0
sumka
2014-03-18 23:20:05
4ondorubuz suiloso toonun bashy bir ku4tuurok zakon 4ygaryp uwundailaga 4ara korobu degi,je kyzdardy 4yrkytaryp abiirin togup al az kelgensip olturup....ne Degen jashoo ???kudai yiman bere kor bige yiman!!!!
0
Jakulya
2014-03-18 23:50:32
Кудай сакта эмне болуп баратабыз
0
t1lekbekov
2014-03-19 00:29:13
Мына,бул да окуя алкогольдук ичимдиктин аркасынан болуп жатат..ошон учун ушул продукция менен күрөшүүбүз зарыл.Тиги эжесине да аябай таң калдым,жаш балага пиво алып берген.
+1
Beko87
2014-03-19 00:40:33
бир депутат насвайды тыйыш керек деп маселе козгоптур.арак пиво воще алкаголду тыйабыз деп эч ким которбой.
+1
kuban_korumbaevich
2014-03-19 06:45:25
Жаш балага пиво алып берген эжеси да куноолу. Кой сен ичпе дегендин ордуна. Анан ичип алганын коруп туруп кызын эмнеге кошуп берди? Ал да акылы жетишпеген неме окшойт. А балага соз жок.
+3
Kara_kyrgyz
2014-03-19 08:51:36
эжеси пиво алып берип ичирип анан кызын кошуп жонотуптур да акмак
+3
azhibaeva.2012
2014-03-19 11:57:17
Заманыбыз эмне болуп бара жатат.
0
Lenin
2014-03-19 18:15:50
100% оорукчан бироо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан